Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ала-Арча капчыгайында кумурскалар үчүн жол белги орнотулду

11.08.2020 17:35
904
Ала-Арча капчыгайында кумурскалар үчүн жол белги орнотулду

 

Ала-Арча капчыгайында өзгөчө жол белгиси орнотулду. Көнүмүш болуп калган жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгинин ордуна, кумурскалар өтүүчү белги орнотулду.


Туризм тармагында иштегендердин айтымында, мындай белгилер саякатчылардын арасында кызыкчылыкты жаратып, анын айланасында сүрөткө түшкөндөр көп болууда.


“Биз эң негизги маани берген нерсе, интернетке өлкөнүн кооз жерлеринен сүрөт киргизгенде эл аларга көңүл бурбай калды. Жаратылыш койнундагы кооз сүрөттөр өтө эле көп, элдерге алда көнүмүш болуп калды. Качан ойго келбеген нерсени жасаганда кызыгуу жеңип кетет жана потенциалдуу турист интернет аркылуу бөлүшкөн нерселериңди көрө баштайт. Элдерге эмоция, позитив керек. Баардык туризм ушунун негизинде түзүлөт. Элдерге жагып жатат, баары бул белгилерди кубану менен кабыл алып жана сүрөткө түшүүдө”, - деген турагенттиктин жетекчиси Сергей Глуховеров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн