Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ала-Бука районунда 36 млн сомго ооруканага салынат

03.05.2023 10:41
615
Ала-Бука районунда 36 млн сомго ооруканага салынат

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында эки кабаттуу оорукананын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, айыл өкмөтүнүн башчысы Голибжон Фарманкулов, жалпы дарыгердик практика борборунун директору Бактыгүл Алибаева, жергиликтүү тургундар жана медицина кызматкерлери катышты.


Райондун акими иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, айыл аймакта жасалып жаткан алгылыктуу жумуштарга токтолуп өттү.


Курулушу башталып жаткан оорукананын сметалык баасы 36,5 млн сомду түзөт. Имарат эки кабаттан туруп, 15 заманбап койка-орунга ылайыкташтырылып курулат.


Белгиленгендей, учурдагы оорукана авариялык абалда болгондуктан бир топ жылдан бери бейтаптарга жана ал жерде иштеген кызматкерлерге ыңгайсыз болуп, көйгөй жаратып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн