Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ала-Бука районунда кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

05.09.2023 17:35
827
Ала-Бука районунда кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди


Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында жаңы заманбап кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорт аянтчасы Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, "Мискен курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулду.

Аталган аземге Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаев, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы Адыл Умаров, жергиликтүү тургундар жана спорт ышкыбоздору катышты.

Ачылышта аким Чаргынбаев сөз сүйлөп, спорттук аянтчанын курулушуна колдоо көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

"Спорт-ден соолуктун булагы. Ынтымактын ачкычы. Спорт- жаштарыбыздын ден соолугун чыңдоо менен сергек жашоосуна багыт берет. Бүгүнкү пайдаланууга берилип жаткан спорт аянтчасынын курууга көмөктөшткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирем. Анткени жаштарга кам көрүү, спортко кызыктыруу жана бош убактысын пайдалуу өткөрүү - бул зордук-зомбулуксуз жашоо.

Бекеринен өлкө башчыбыз Садыр Жапаров тарабынан жаштарга, спорт сүйүүчүлөргө шарттарды түзүү тапшырмасы берилген жок. Бош убакытты спортко жумшап, дени сак улут аркылуу дени сак өлкө куруу, биздин негизги приоритет", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн