Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:17
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ала-Бука районунун башкы архитектору жер тилкелерин туугандарына мыйзамсыз каттагандыгы аныкталды

22.02.2024 11:01
436
Ала-Бука районунун башкы архитектору жер тилкелерин туугандарына мыйзамсыз каттагандыгы аныкталды


Ала-Бука районунун башкы архитектору тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы архитектор Ж.М.Ж. иш учурунда 10 сотук жер тилкесин мыйзамсыз туугандарынын атына каттатып койгон, буга чейин аталган жер тилкеге эки коммерциялык имарат курулуп, алар коммерциялык максатта активдүү пайдаланылып келген, алсак:

- жалпы аянты 450 чарчы метр үч кабаттуу имарат;
- жалпы аянты 150 чарчы метр болгон бир кабаттуу турак-жай.

Көрсөтүлгөн имараттар дагы туугандарынын атына катталган.

Мамкурулуштун жетекчилиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте көрүлгөн чаралардын аркасында жогорудагы имараттар жер тилкелери менен бирге толугу менен Мамкурулуш агенттигинин балансына өткөрүлдү.

Башкы архитектор Ж.М.Ж. ээлеген кызматынан бошотулуп, аныкталган факт боюнча укуктук баа берүү үчүн чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Мамкурулуштун жетекчилиги КР жарандарын Аймактык шаар куруу жана архитектура, курулушту көзөмөлдөө башкармалыктардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине көңүл бурууну жана эгерде мыйзамсыз фактылар аныкталса билдирүүнү өтүнөт.

Белгиленгендей, Мамкурулуш агенттигинин жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн