Ала-Бука районунун прокурору Мелис Жормонов кызматын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты райондук администрациядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ, 7-октябрда Ала-Бука районунун тургундары райондук прокуратуранын имаратына чогулушуп, райондун прокурору Мелис Жормоновдон кызматынан кетишин талап кылышкан.
Мындан улам М.Жормонов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, кызмат ордун бошотту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн