Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:16
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ала-Букада 9,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

04.10.2022 12:33
603
Ала-Букада 9,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 9 млн 536 миң сомдук 0,12 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурунку жооптуу кызмат адамдары жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, муниципалдык менчиктеги 0,12 га жер аянтын 15 миң 570 сомго сатып жибергендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан Ала-Бука айыл өкмөт башчысынын атына прокурордук талап келтирилип, анын жыйынтыгында аталган жер тилке муниципалдык менчикке алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн