Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүн базарында мурдагы аялына 16 жолу бычак сайган жаран кармалды

Аламүдүн базарында мурдагы аялына 16 жолу бычак сайган жаран кармалды


Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн базарында аялга кол салып, бычак менен сайып салган жаранды кармашты.


Жабырлануучу 1984-жылы туулган М.Г. Ал денесинин ар кайсы жеринен 16 жолу бычактан жаракат алган. Кылмыш болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, текшерүү учурунда аялга күйөөсү 1973-жылы туулган Х.К. жаракат жеткиргени аныкталды. Учурда ал Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Эске салсак, окуя өзү 16-июль күнү кечинде Аламүдүн базарынын аймагында болгон. Аял контейнерди жаап жаткан учурда бир киши ага ондон ашык бычак сайган. Башка сатуучулар кол салганды кесиптешинин мурунку күйөөсү деп таанышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн