Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аламүдүн базарынын айланасы мыйзамсыз жарнамалардан тазаланууда

28.09.2023 09:50
180
Аламүдүн базарынын айланасы мыйзамсыз жарнамалардан тазаланууда


Бишкектин Будённый, Муса Жалил, Курманжан Датка көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде, тактап айтканда, Аламүдүн базарынын айланасында жарнама конструкцияларын алуу иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен соода объектилеринин 21 чатыры демонтаждалган. Ошондой эле 82 баннер алынды. Мындан тышкары, муниципалдык аймакты туура эмес пайдалануу жана уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу боюнча 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, ишти мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын, Свердлов районунун акимчилигинин, №18 МАБдын жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүүдө.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн