Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аламүдүн районунда 17, 14 жаштагы кыздар жана 10 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Аламүдүн районунда 17, 14 жаштагы кыздар жана 10 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Аламүдүн районунда үч өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.



20-июнь күнү Аламудун районунун Аламүдүн айылында, "Кыргызстан" жаны конушунда жайгашкан суу сактагычка 2011-жылы туулган М.И.С чөгүп кеткен. Баланын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылган.


 Ошондой эле, Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы 3-суу сактагычына 2 кыз: 2004-жылы туулган Ж.к.А жана 2007-жылы туулган С.Ж. чөгүп кетишкен. Куткаруучулар саат 18:07де жерине жеткенде Ж.к.А.нын жансыз денесин эс алып жүргөн адамдар суудан чыгарышкан. Экинчи кыздын денесин куткаруучулар 18:24тө суудан таап алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн