Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүндө $3 миң зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды

Аламүдүндө $3 миң зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды


Аламүдүндө 3 миң долларлык зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызмтаты билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Б.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 1-3-июль күндөрү белгисиз адамдар үйүнө кирип, 3 миң долларлык алтын жана күмүш буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы П.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн