Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүндө 51 жаштагы жаранды издөө иштери уланат

Аламүдүндө 51 жаштагы жаранды издөө иштери уланат

Бүгүн, 26-августта Ала-Арча суусуна балык уулоого барып дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. 


Маалым болгондой, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган.


  Үстүбүздөгү жылдын 24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-ж.т. У.И. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 


Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган.

Бүгүн издөө иштерин улантууга Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылды.


 Бул күнү да керектүү шаймандар менен барган суучул-куткаруучулар тарабынан "Ала Арча" суусунун агымы азайтылып, суу сактагычтын башынан "Ак жол" бекетине чейинки аралык изделет. 


Издөө ишинин натыйжасы тууралуу маалымат берилет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн