Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 08:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Аламүдүндө адашып калган баланы милиция кызматкерлери таап берди

14.04.2022 14:33
463
Аламүдүндө адашып калган баланы милиция кызматкерлери таап берди

Бишкектин Аламүдүн базарында кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 7 жаштагы баланы таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 12-апрелде саат 15:30дар чамасында “102” кызматына Салиев жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүм жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда 7 жаштагы Т.Э., аттуу өспүрүм жоголуп кеткендиги жана жакындары аны издеп жаткандыгы аныкталган.


Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Аламүдүн базарынан адашып жүргөн баланы таап, апасына аман-эсен жеткирип беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн