Аламүдүндө эшиги бекилип калган батирден 60 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
31-август күнү Аламүдүн району, Энергетик шаарчасында батирдин эшигин ачып берүү тууралуу кайрылуу түшүп, куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен эшикти ачып беришти.
Батирдин ичинен 1961-ж.туулган Ш.В.Н. аттуу жарандын жансыз денеси табылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн