Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүндө коомдук транспортто жүргүнчүгө бычак менен кол салган жаран кармалды

Аламүдүндө коомдук транспортто жүргүнчүгө бычак менен кол салган жаран кармалды


Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичинен бычак менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 21-июлда Аламүдүн райондук милициясына Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчү О.А. аттуу жаранга бычак менен денесине залал келтиргендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө коомдук транспорттогу жүрүм-туруму боюнча эскертүүнү жактырбай, Ж.Ж. жана О.А. аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккан. Натыйжасында О.А. аттуу жаран көкүрөгүнөн жараат алганы аныкталган.

Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, бычак менен залал келтирген Ж.Ж. аттуу жаран кармалып, Аламүдүн РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн