Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аламүдүндө пенсионерди тоноп кеткен эки жаран кармалды

07.02.2022 11:13
703
Аламүдүндө пенсионерди тоноп кеткен эки жаран кармалды

Аламүдүн районунда эки эркек киши 84 жаштагы пенсионерди тоноп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, 24-январда “102” кызматына Лебединовка айылындагы үйлөрдүн бири тонолгону тууралуу маалымат келип түшкөн.


“Ошол эле күнү саат 15:30дар чамасында эки белгисиз адам беткапчан 84 жаштагы Р.Л. аттуу пенсионердин үйүнө кирип, коркутуу жолу менен сейфтен 150 миң сомдон ашык каражатты тоноп кетишкен”, - деп айтылат маалыматта.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Тоноо” беренеси менен катталган.


Окуяга шектүү катары 30 жаштагы М.Б. жана 28 жаштагы А.А. аттуу эркек кишилер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аларга карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.


Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн