Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Алай” футбол клубунун кожоюну, Кара-Суу кланынын өкүлү Аматовдун эбегейсиз байлыктары саналды (видео)

28.04.2021 09:56
2419
“Алай” футбол клубунун кожоюну, Кара-Суу кланынын өкүлү Аматовдун эбегейсиз байлыктары саналды (видео)

Ош шаарындагы Айыл чарба техникумуна 1991-жылы директор болуп дайындалгандан бери ордунан жылбаган Сейитбек Аматовдун чырмалган байлыктары тууралуу журналист Идирис Исаков Ютубдагы өзүнүн каналынан баяндады.

 

Анын иликтөөсү боюнча, бюджети анча көп эмес аталган окуу жайын директору учурда Ош шаарындагы көрүнүктүү байлардын бири. 30 жылдан бери окуу жайда эч кандай өнүгүү болгон эмес, андагы техникалар эскирген абалда калган. Тескерисинче, техникумдун короосундагы жерди менчиктештирип, өзгөчө типтеги үй (особняк) куруп алган.


“Мындан тышкары, тууган уруктары жетекчилик кызматтардын дээрлик көбүн ээлеп келет. Ал эми “Алай” футбол клубу Ош шаарынын мэриясына таандык жана ал муниципалдык команда делгени менен аны тастыктаган бир дагы документ жок. Клуб Аматовдордун үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып келет. А клубду болсо Ош мэриясы каржылап жатат”, - деп айтылат иликтөөдө.


Анда белгиленгендей, Сейтбек Аматов Кара-Суу районунан болот, учурда ал бул райондун кланынын таасирдүү өкүлү. Ош айыл чарба техникумун жетектөөдөн тышкары Агрардык экономикалык колледждин жана Агрардык экономикалык институтунун ээси. “Алай” жана “Жаштык Ак-Алтын” футбол клубдарынын кожоюну. Ош шаардык мэриясы каржылаган “Алай” футбол клубунун вице-президенти. Шаардагы борбордук көчөлөрүнүн тратуарларын дубал менен тосуп алган жоруктары менен белгилүү.


Бул видео материалда мына ушул Аматовдор кланына караштуу эбегейсиз байлыктардын бир бөлүгүн ачып берет.






 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн