Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Алай районунда эски жер көчкү активдешип, 1 метрге жылган

18.05.2023 10:26
870
Алай районунда эски жер көчкү активдешип, 1 метрге жылган

Алай районунун Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, 2 турак үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жер көчкү бир күн ичинде 1 метр аралыкка жылган. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 миң 500м³ түзөт.


ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу башчысы, Будалык айыл аймагынын башчысы жана жарандык коргонуу адиси жер көчкү активдешкен аймакка барышты.

Учурда 2 турак үйдүн жарандары коопсуз жайдагы туугандарыныкына көчүрүлүп, жер көчкү айыл аймактын башчысынын көзөмөлүнө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн