Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

29.04.2022 17:11
427
Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык прокуратурасы борбордогу таштанды полигондун курулуш долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды. Анын алкагында «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын

мурдагы директору Болот Асаналиев камакка алынган.


Андан тышкары Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго жана анын долбоорду ишке ашыруу боюнча кеңешчиси болгон Г.А.М.га айыбы сыртынан угузулган.


Айта кетсек, Албек Ибраимов 2018-жылдын май айында камакка алынган. Ал «Дастан» ишканасын жетектеп турганда коррупция, Бишкектеги мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык учурунда абактан чыгып, кайтып барган эмес. Учурда ага эл аралык издөө жарыяланган.


Андан тышкары 2021-жылы Албек Ибраимовго «Манас» эл аралык аэропортун жетектеп турганда мамлекетке миллион долларлык зыян келтирген» деген айып коюлуп, өкүм сыртынан угузулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн