Бүгүн, 2-декабрь күнү Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 3-август күнү Бишкек шаарынын тургунуна АКШга виза алууга жардам берем деп, 9000 доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок, берген убадасын аткарбай качып жүргөн.
Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 60 жаштагы Т.Ө. аттуу жаран кармалган.
Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөөлөр жүрүп жатканын Бишкек ШИИБнан билдиришти.
Ал эми ишенимдүү булактардын айтымында, кармалган жаран белгилүү киносценарист жана продюсер ӨмүрзакТөлөбеков болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн