Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Алдамчылыктын курмандыгы болуп калбаңыз. ИИМ кеңеши

22.07.2021 07:06
343
Алдамчылыктын курмандыгы болуп калбаңыз. ИИМ кеңеши

ИИМ телефон чалуу аркылуу алдамчылык кылган жарандардан сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Телефонго туугандарыңыздын, досторуңуздун жана тааныштарыңыздын гана номерин жазыңыз. Белгисиз адамдардан келген каттарга жооп бербеңиз. Белгисиз номерлерден чалгандардан сак болуңуз. ПИН-код (сыр белги) менен банктык карточканын номерлерин талап кылууга эч кимдин укугу жок. 

Тарифтердин өзгөрүшү, жүргүзүлүп жаткан акцияларды, лотереяларды тактоо үчүн уюлдук операторго чалып маалымат алыңыздар.


Эгерде сиз күмөн санап жатсаңыз, анда сизге чалган досуңуздун жана тууганыңыздын уюлдук телефонуна чалууга аракет кылыңыз.


Эгерде телефону өчүк болсо, анын кесиптештерине, досторуна жана жакындарына маалыматты тактоо үчүн байланышыңыз.


Утуп алууларды каттоо бир гана телефон жана интернет аркылуу жүргүзүлбөйт.


Эгерде сизди акциянын уюштуруучусу кеңсеге документтер менен келүүнү айтпаса, анда бул алдамчылык. Эгерде сиз кылмыштуу аракеттерден жабыркаган болсоңуз, тез арада милицияга 102 телефонуна чалыңыз.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн