Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алексей Ширшов Талантбек Имановдун унаасында жүрөбү? Министр жооп берди

12.05.2022 16:13
742
Алексей Ширшов Талантбек Имановдун унаасында жүрөбү? Министр жооп берди

Санарип өнүгүү министри Талант Иманов "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов анын кызматтык автоунаасы менен жүргөнү тууралуу маалыматты четке какты. 

 

"Азаттыкка" берген комментарийинде ал Ширшов менен жолугуп турарын ырастады. 

 

“Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес", - деди Иманов. 

 

Буга чейин Kaktus.media басылмасы жеке булактарына таянып 11-майда Алексей Ширшов Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов атуу адам менен бирге саат 17:00дөр чамасында "Дастан" ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүнө чогулганын жана ал жерде эки саатка жакын сүйлөшкөнүн жазып чыккан. Алексей Ширшов Апышевге таандык деген унаа менен чыгып, министр Талант Имановдуку болушу мүмкүн деген машинеге отурганын тартып алганын жазган. 

 

Иманов санарип өнүгүү министри болуп январь айында дайындалган. Ага чейин "Дастан" ачык акционердик коомун жетектеген. Иманов 2010-жылга чейин Алексей Ширшовдун жакын адамдарынын бири болгону айтылып келет. 


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн