Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Алга Кылычев укугун коргойм десе мыйзам чегинде иш алып барышы керек, - жактоочу

23.03.2021 19:06
2355
Алга Кылычев укугун коргойм десе мыйзам чегинде иш алып барышы керек, - жактоочу


Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун дарегине айтылган активист Алга Кылычевдин сын пикирине карата депутаттын жактоочусу Асылбек Кочкоров бүгүн, 23-мартта “Багыт.kg” сайтына өзүнүн жообун берди.


Анын айтымында, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында активист Алга Кылычев алгачкылардан болуп өз эрки менен тергөө менен кызматташууга барган. Бул анын мыйзамдуу укугу болгон. Ал эми былтыркы октябрь окуяларынан кийин тергөө менен кызматташуудан баш тартып, маалымат каражаттары аркылуу ар кимге негизсиз жалаа жапканы – өзүн өзү актоо аракети катары гана бааланат.


“Анын айткан сөздөрү курулай доомат, юридикалык жактан эч бир фактыга негизделбеген. Эмне үчүн мунун баарын октябрь окуяларына чейин айтып чыккан эмес? Ушунун өзү анын максаты кандай экенин көрсөтүп турат. Алга Кылычев ушундай ыкма менен укугун коргойм десе жаӊылышат, юрист катары ага мыйзам чегинде иш алып барууга кеӊеш берет элем. Эгер атайылап жалган жалаа жапканын токтотпосо, мыйзам алдында жооп берерин эсинен чыгарбашы керек”, - деп билдирди адвокат Асылбек Кочкоров.


Эске сала кетсек, Алга Кылычев “Азаттыкка” берген маегинде депутат Асылбек Жээнбековдун дарегине карата өзүнүн сын пикирин айткан эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн