Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Алга Кылычевдин берген маеги боюнча текшерүү жүрүп жатат

24.03.2021 12:12
504
Алга Кылычевдин  берген маеги боюнча текшерүү жүрүп жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири Алга Кылычевдин жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маеги боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутат Бакыт Төрөбаев "Биздин жарандар маек берип жатканда силердин дарегиңерге даттануу же мыйзам бузуу боюнча айтса, ошол сөздөрүнө кандай реакция болуш керек? Алга Кылычев деген жаран "Азаттыкка" берген маегинде силердин дарегиңерге бир топ сындарды айтты. Ошого силер жооп бердиңерби?",- деген суроо салды.

"Маалымат каражаттары аркылуу биздин жарандар кайрылса дароо каттоого алынат. Кечээги күн менен Алга Кылычевдин кайрылуусу бирдиктүү реестрге катталды. Текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат",- деп жооп берди Каниметов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн