Бугу 01, 2024
Убакыт: 19:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Алимбаев: Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды

17.09.2022 11:39
500
Алимбаев: Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды


Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.


"Алар кечинде чыгарылды. Ал жакта биздин бөлүктөр иштеди", — деди облус жетекчиси.


Ошондой эле ал учурда кырдаал дагы деле оор бойдон турганын, тажик тарап менен биргеликте абалды жөнгө салуу иштери жасаларын айтты.


Белгилей кетсек, тажик тарап Баткен районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алганы айтылган. Социалдык тармактарда кыргыз айылдарына кирип келип үйлөрдү өрттөп жаткан видео тараган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн