Баткен облусунун аймагында 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түн тынч өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Анын маалыматына караганда, жалпысынан алганда кырдаал тынч.
"Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүн да чек арада иш алып барышат", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн