Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев: Тактиканы өзгөртүп, жалгыз эмес, депутаттар, укук коргоо органдары менен чогуу иштеп жатабыз

07.12.2023 16:52
353
Алымкадыр Бейшеналиев: Тактиканы өзгөртүп, жалгыз эмес, депутаттар, укук коргоо органдары менен чогуу иштеп жатабыз


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмнеге мурдагыдай чуу салбай калганын айтты.


Парламентте депутат Эмил Токтошев ал мурда министр болуп турганда аябай радикалдуу иштерди жасаганын, азыр андай болбой калганын белгиледи.


"Ордуңузга башка адам келгендей болуп жатат же жогору жактан тынч иштеп бер деп айтыштыбы?", — деди эл өкүлү.


Бейшеналиев мурдагыдан да чечкиндүү иштеп жатканын, болгону тактиканы өзгөрткөнүн айтты.


"Депутат Аида Исатбек кызын алдыга салып алып 485 жеке клиниканы жаптык. Мурдагыдай өзүм жалгыз чыкпай, депутаттар, укук коргоо органдары менен чогуу иштеп, чоң жумуштарды жасап жатабыз. Ош шаарындагы ооруканалардын имаратынан да жеке клиникаларды чыгардык, учурда бошотуп жатышат", — деди министр.


Андан соң Токтошев жаш, сулуу депутат кыздарды эле кошуп албай, аны да чакырса жардамдашарын айтты.


Мындай сындан кийин министр ушул дем алышта Токтошев менен текшерүүгө чыгууну убадалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн