Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген айыптоолоруна жооп берди

14.03.2024 17:16
181
Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген айыптоолоруна жооп берди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген айыптоолоруна жооп берди.


Эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында министр мыйзамдагы ууру Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, мындан улам УКМК Бейшеналиевди жоопкерчиликке тартыш керектигин айткан.


"Черный хирург" деген каймана аты бар экен. Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди жана башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жашыруун түрдө операция кылып жүргөн. Бул министр болуп келгенден бери эле орууканаларда эне-балдар өлүп жатат. Кадрдык башаламандык болууда. Президентке аконит жасап берсе эле кыйынмын деп ойлобосун. Парламентке чакыралы, өлүмдөр көбөйүп жатканына жооп берсин", — деген эл өкүлү.


Бейшеналиев Ахунбаев атындагы клиникада иштеп жүргөндө чындыгында абактагыларга да операция жасаганын айтып, бул дарыгердин милдети экенин белгиледи.


"Хирург болуп иштеп жүргөндө депутатына да, министрине да, түрмөдөгүлөрүнө да операция жасагам. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу ыктымал. 47-колония Ахунбаев атындагы клиниканын камкордугунда экени эч кимге жашыруун эмес. Анда анестезиолог, хирург, кардиолог, уролог, невропатологдордун баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болуп калабы? Рыспек Акматбаевди билчү эмесмин, ага операция да жасаган эмесмин", — деген Бейшеналиев.


Ал министр болуп турганда Жусупбек Коргонбай уулу өз адамдарын түштүк аймактарда үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жана ооруканаларга директордун ордуна сунуштаганын айткан.


"Депутат сунуштаган кадрлар бул кызматка туура келбегендиктен баш тарткам. Анын адамдары депутат айткан мекемелерде ага чейин иштеген эмес. Анын үстөнө алар менен иштешип көргөм, деңгээлдерин билем", — деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн