Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдирди

12.05.2022 16:11
5202
Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдирди

Министрликтен кеткенден кийин мен өлкөдөн чыгып кетүү ниетим бар. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейла Саралаева берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, ал Кыргызстанда 30 жылдан бери кымырып жеп келген адамдардын тынчын алды.


"Мен жаш кезимде койгон максаттарыма жеттим. Мен профессор болдум, министр болдум. Мен депутат болсом деп да максат койгонмун. Депутаттыктан башка максаттарыма жеттим.


Мен министр кызматтан кеткенден кийин Кыргызстандан кетем. Мага Түркия, Россиядан чакыруу болуп жатат",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Илхам
Иштениз