Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 08:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерген комиссия ишин жыйынтыктады

16.06.2022 14:02
832
Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерген  комиссия ишин жыйынтыктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Алсак, 336-берене (коррупция) боюнча 1 кылмыш иши козголгон;


337, 339-беренелер (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, атайылап пайдасыз келишим түзүү) боюнча - 4 кылмыш иши;


Ошондой эле 343-берене (опузалап пара талап кылуу) боюнча 2 кылмыш иши козголгон.


Комиссия саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары, комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн