Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, өкүм Каракол шаардык соту тарабынан кабыл алынган.
Камолидинов билдиргендей, прокуратура соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылат.
Эске салсак, 17-май күнү Мээрим Тилекова опузалап пара талап кылууга шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн