Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Алиярбек Абжалиев УКМКнын билдирүүсү боюнча жооп берди

01.03.2021 21:14
2387
Алиярбек Абжалиев УКМКнын билдирүүсү боюнча жооп берди

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалады. Депутат бул тууралуу 1-мартта “Азаттыкка” билдирген.


“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп”, - деди эл өкүлү. 


Алиярбек Абжалиев мындан тышкары мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалыгын пайдаланбаганын, мамлекеттик иштерге кийлигишпегенин да кошумчалады.


Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталганын УКМК бүгүн, 1-мартта маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн