Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Алмамбет Шыкмаматов: Менин апам 3 жашымда каза болгон, анын образын өзүм жаратып алганмын

13.08.2021 16:09
974
Алмамбет Шыкмаматов: Менин апам 3 жашымда каза болгон, анын образын өзүм жаратып алганмын

Менин апам 3 жашымда каза болгон, анын образын өзүм жаратып алганмын. Мындай пикирин Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, анын апасы калмак эмес.


""Эне", ыйык... Мынча болду эми айтып берейин. (Энемдин арбагы ыраазы болсун). Энем мен үч жашка толгондо каза болгон экен. Элесин билбейм, бирок, өзүм жаратып алган образын, кыялымда, ой-толголорумда дайым элестетип жашап келем. Түшүмө кирет... Энем таза кандуу кыргыз кызы. Кадимки Байтик баатырдын чөбөрөсү. Байтиктен Байсал, Байсалдан Ахат, Ахаттан Майрам. Менин энем Майрам. Репрессиянын азабынан Суусамырда, Таабалды таякесинин колунда чонойгон экен. 

Авторго капачылыгым жок. Бул анын жан дүйнөсүнүн, адамдык касиетинин күзгүсү. Бул көрүнүш анын жеке трагедиясы",- деп билдирүү калтырган Шыкмаматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн