Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 16-августка чейин камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Алмамбет Салиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 16-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалган болчу.
Салиев 16-июнда кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, ал Жазык кодексинин 323-беренесинин (“Мыйзамсыз баюу”) негизинде кылмышка шектелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн