Президенттин аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин соту кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык соту бүгүн Салиевдин баш коргоо чарасы боюнча жактоочулардын өтүнүчүн карамак. Бирок жактоочулар соттон соттук отурумду кийинкиге калтырууну суранган.
Салиевдин соту 13-июлга калтырылды.
Эске салсак, Алмамбет Салиев 16-июнда УКМК тарабынан мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн