Бугу 02, 2025
Убакыт: 19:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Алмамбет Салиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

16.08.2022 16:53
536
Алмамбет Салиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Президенттин аппарат башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянуу менен билдирди.


Маалыматка караганда, Салиевге карата козголгон кылмыш иши анын ооруп калгандыгына байланыштуу токтотулган.


Эске салсак, Алмамбет Салиев Сооронбай Жээнбековдун тушунда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Салиев 2021-жылдын июнь айында УКМК тарабынан мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. 5 ай УКМКнын тергөө абагында отургандан кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн