Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 20:39
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Алманбет Анапияевди кайсы генералдар өлтүргөн?

Алманбет Анапияевди кайсы генералдар өлтүргөн?


Мындан 6 жыл мурда Минскте спортчу Алманбет Анапияев киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул фактыны эске салган “Азия Ньюс” басылмасы иш азыркы күнгө чейин аягына чыга электигин жазып, бирок аны аягына чыгарса болорун баяндаган.


“Негизги күбө катары Гүлжигит Абилазизовду ИИМдин кызматкерлери Таалай Мамбетакунов менен Жаныш Гаипкулов алып келишкен эле. Бул кызматкерлер дагы эле иштеп жүрүшөт. Баса, Москвадан бери “уюшуп” келишкени шек жаратпады беле? Минсктин тергөө органдары Гүлжигит Абилазизовго издөө жарыялаганын кантип жашырабыз? Айтор, Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча генералдар да тар чөйрөдө шектелгени ачыкталабы? Айрым маалыматтар боюнча, биздеги күч органдарындагы кыраакы адистер аталган адам өлтүрүүнү ачса болорун, бирок жогорку жетекчилер уруксат берери суроо жаратып атканын каңкуулашууда. Сыягы, келечекке карай көп нерсе ачыкталчудай. Айтмакчы, Гүлжигит Абилазизовду кайда катышкан? Тыкыр суракка алышса эле сайрап берет да, туурабы?”, - деп жазат аталган басылма. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн