2-январда Мангыстау облусунда башталган митинг азыркы учурда Казакстандын бүтүндөй аймагына кулачын жайды. Бул тууралуу казак жана орус басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, Алматы шаарында милиция кызматкерлери массалык кармоолорго киришти. Ага карабай митингчилер тарабай,тескерисинче нааразы калктын саны улам көбөйүп жатат.
Алматы шаарында алгачкы ок атуулар болгонун НТВ каналы билдирди.
Ал арада Нур-Султан шаарында көтөрүлгөн адамдардын саны тездик менен өсүп жатат.
Айрым маалымат булактары Актобе шаарында акимиаттын имараты алынганы айтылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн