Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 16:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Алматыдагы башаламандыкта буту сынган Чолпонбек Сыдыков Кыргызстанга алынып келүүдө

20.01.2022 11:21
995
Алматыдагы башаламандыкта буту сынган Чолпонбек Сыдыков Кыргызстанга алынып келүүдө

Алматы шаарындагы башаламандыктарда эки буту сынган кыргыз жараны, Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алынып келүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.


Анын айтымында, аны тез жардам унаасы менен "Ак-Жол" өткөрмө бекетине алып келишет.


Ал жерден Кыргызстандын медициналык кызматкерлер жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп алат. Андан ары Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылат.


Башкы консул белгилегендей, Сыдыковдун 2 буту, кабыргасы сынган. Азырынча канча кабыргасы сынганы белгисиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн