Бугу 07, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир кылмыш иши козголду

08.01.2021 09:59
1937
Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир кылмыш иши козголду


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев 24.кг агенттигине билдирген.


Слесарев билдиргендей, Алмазбек Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Кылмыш иши Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу экени маалым болду.


Буга чейин бул ишке Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун да катышуусу бар деп, алар буга чейин соттолгон. Алмазбек Атамбаевге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү. Кубанычбек Кулматовдун мектепти куруу зарылдыгы жана аны кытайлык компаниянын эсебинен куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазган катында мурунку мамлекет башчынын “Мен макулмун” деген кол тамгасы бар. Бирок, билим берүү мекемесин куруу чечими өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Атамбаев виза берүүгө милдеттүү болчу, анткени бул кат алышуу катары бааланат. Ага кат келсе, жооп бериши керек да туурабы”, - деди жактоочу Слесарев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Исмаилова Нуризат Сарыбековна
Атамбаевге боштондук. Жакшы адамды катуу сындап жатышат. Бул уят. Экс президент боюнча калыш керек