Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алмаз Бейшеналиев ДССУнун өкүлү менен Кыргызстандагы COVID-19 боюнча кырдаалды талкуулады

27.10.2021 10:08
690
Алмаз Бейшеналиев ДССУнун өкүлү менен Кыргызстандагы COVID-19 боюнча кырдаалды талкуулады

2021-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолугушту.  Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев ДСУнун Регионалдык директоруна уюм тарабынан Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жана өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Туруктуу өкүл ДСУнун Европадагы регионалдык бюросу менен кызматташууну жогору баалап, ДСУнун долбоордук иш-чаралары мамлекеттин ден соолугун коргоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы, ошондой эле саламаттык сактоо тармагын чыңдоодо ийгиликтүү жана ырааттуу ишине олуттуу салым кошуп жатканын билдирди.


Өз кезегинде доктор Ханс Клюге кыргыз тарапка COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө тыгыз кызматташуу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, Регионалдык директор өлкөдө эмдөө башталганын, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы оң өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгилеп, ошондой эле ДСУ менен Кыргызстандын ортосундагы жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ДСУнун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда: COVID-19га каршы эмдөө жаатында; башка жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү жаатында; психикалык саламаттык саясатын өркүндөтүү; санариптик ден-соолук системаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү; ошондой эле калкты эмдөө жолу менен ооруларды алдын алуу маселелери камтылды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн