Ош шаарынын мэри Шанхай кызматташтык уюмунун медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик медалы менен сыйланды. Медаль ШКУнун өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн берилген. Сыйлыкты атайын уюштурулган аземде КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тапшырды.
Эскерте кетсек, Алмаз Мамбетов буга чейинки эмгек жолунда Тышкы иштер министрлигинде да иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн