Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Алмаз Мамбетов Сулайман-Тоонун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тапшырма берди

21.09.2021 08:32
942
Алмаз Мамбетов Сулайман-Тоонун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тапшырма берди

Алмаз Мамбетов Сулайман-Тоонун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

 

20-сентябрда шаар мэри Алмаз Мамбетов Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин инфраструктурасы менен таанышты. Анын алкагында шаар башчысы Сулайман -Тоонун ичиндеги жолдордун, унаа токтоочу жайлардын абалына өзгөчө көңүл бурду.


Ошондой эле шаардын эң эски көчөлөрүнүн бири - Чеберлер көчөсүнө барды. Сапардын алкагында тоонун айланасындагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш планын түзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине керектүү тапшырмалар берилди.


Белгилей кетсек, "Сулайман-Тоо" Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 2009-жылдан бери ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн