Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алмаз Мамбетов: Унаада аялдын төшүн кармаган адам мен эмесмин

23.08.2021 16:49
3470
Алмаз Мамбетов: Унаада аялдын төшүн кармаган адам мен эмесмин

Унаада аялдын төшүн кармаган адам мен эмесмин. Мындай пикирин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бүгүн өткөн маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, аны атайын жасап чыгарган.


"Ал убакта мен Мамлекеттик каттоо кызматында иштеп жаткам. Ал убакта коррупция менен күрөшүүгө аракет кылып жатканбыз. Ал сүрөттөгү мен эмес, анда мен башка жерде болчумун. Аны мага каршы тараптар буйрйтма менен чыгарган. Ким экенин деле айта алам. Бирок алар азыр коррупциялык иш менен тергөө абагында отурушат",- деди Мамбетов.


Эскерте кетсек, Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турганда ак түстөгү унаада жанында отурган аялдын көкүрөгүнөн кармап кетип жаткан сүрөтү тараган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таалайбек Мамытов
Ууру олорчо жеп олорчо карганат Колунан кармасанда Мен эмес дешет