Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Алмазбек Атамбаев мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу: Кыргызстандагы биримдик жана Бакиевдерди кайтарып келүү эки башка нерсе

20.02.2023 08:05
650
Алмазбек Атамбаев мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу: Кыргызстандагы биримдик жана Бакиевдерди кайтарып келүү эки башка нерсе

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаров жана Кыргызстандын мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусу боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Атамбаевдин айтымында, жолугушууга аны Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров чакырган жана ал жерге мурдагы президенттердин келери айтылган эмес.

"Мурдагы президенттердин жолугушуусу болду, мен ага катыштым. Ага чейин жолугушууда мурдагы президенттер болот деп айтышкан эмес. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырып жатышат деп айтышкан. Жакшылыкты унутпайм, ошон үчүн алардын чакыруусунан баш тартпай, Испания элчиси менен боло турган жолугушууну жылдырып бардым. Мени Испания өкмөтүнүн төрагасы Педро Санчес дарыланууга чакырганын билесиздер. Мен дагы өлкөнүн тынчтыгын жана биримдигин колдойм. Жолугушууда да муну айттым, президент Жапаровдун жакшы ниетин баалай турганымды билдирдим. Бирок  мен жолугушуунун аягына чейин отурбастан, эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө туура келди.


Кыргызстандагы биримдик, ынтымак жана Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу эки башка нерсе.

Президент Садыр Жапаров дагы муну жакшы түшүнөт деп ишенем ", — деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров өлкөнүн мурдагы президенттерин бир столго отургузганын билдирип, кечиришкенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн