Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Атамбаевдин тагдыры башкаларга сабак болушу керек

24.06.2020 20:03
1317
Атамбаевдин тагдыры башкаларга сабак болушу керек


Эки президентин бийликтен кубалаган кыргыз эли эми башка бир президентин, ага кошуп эки экс-премьерди темир торго камады. “Бийликтин укуругу узун”, “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба” демекчи кыл жип менен буулду деген кыңыр иштер ушинтип кырк жыл күттүрбөй деле ачылат экен.


Мындан үч жыл илгери 28-февралда өткөн басма сөз жыйынында ал учурдагы өлкө президенти Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча: “Ууру ким болбосун, ал түрмөдө отурушу керек. Бул жерде эч кандай саясат жок” деп сөөмөй кезеп айтканы эсибизде. Текебаевге “Россиянын жараны Маевскийден 1 миллион доллар пара алды” деген айып тагылган болчу. “Абалы начар, кан басымы көтөрүлүп кетти” деген ар кандай амалдар менен түрдүү обондорго салып, акыры жаңы ачылган жагдайлар боюнча абактан бошонгон башкы “ата мекенчи” азыр партиясын парламенттик шайлоого камдап-чомдоо менен алек. 


Ал эми “өзүн акактай тазамын, эмне тапсам маңдай теримдин үзүрү” деп мактанып келген Алмазбек Атамбаевдин өзү ууру экендиги мойнуна коюлду. Бул жерде өзү айтмакчы саясат жок – Батукаевди сулуу көздөрү үчүн бошотпогондугу гана далилденди. Демек ал өзү көп ирет кайталагандай түрмөдө отурушу керек.

 

Кечээ, 23-июнда мурдагы президенттин тагдырын таразага салган биринчи сот процесси жыйынтыкталды. 2013-жылы чечен улутундагы криминалдуу авторитет Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга макулдугун берген мурдагы президент 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги колонияда өтөөгө өкүм чыкты. Атамбаев “ак эмгеги үчүн” алган мамлекеттик сыйлыктары менен “маңдай терден куралган” оокат-мүлктөрүнөн да кол жууй турган болду. 


Алмазбек Атамбаевдин аянычтуу тагдырына көз салып тургандардын айтымдарында жаза мөөнөтү ушуну менен эле чектелбейт: Кой-Таштагы өлүм менен коштолгон окуялар, өткөн жылдын август айында мамлекеттик бийликти кулатуу аракети, ошондой эки жер тилкесин мыйзамсыз менчиктеп алуу фактылары боюнча соттук териштирүүлөрдүн чети оюла элек. Бул иштер боюнча сот өкүмүн чыгарса, анын жаза мөөнөтү чейрек кылымга барып такалат.


Эске салсак, сөз кылган териштирүүлөр башталган кезде Алмазбек Атамбаевдин үстүндө катар булуттар анча деле коюулана элек эле. Эми аларды кубалап таратуу кыйын болуп калды. Мурдагы ажонун алты жыл букарасы болгон калайык калкы да колдобой тургандыгы кечээ ачык сезилди. “Ошону көрмөк” деген табалуу сөздөр ачык айтылбаса да, тагдырдын зылдай кара ташы үстүнөн ныгыра басып турган Атамбаевдин “акылдуулугуна” шыпшынгандар гана арбын.


Албетте, пенде катары кечээ эле “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” демекчи өз элин, өзгө калктын башчыларын мазактап, өзүнүн кызматтан кетээр күнү менен алардын өлөөр саатын эсептөөсү менен эсте калган Атамбаевдин азыркы абалына бир чети боор ачыйт, бир жагынан кыжыр келет. “Кыргызда келме кезек, терме тезек” дейт эмеспи. Ошондуктан, “Кудайдан гана корком” деп Куранга жашынып бийликтин бийик кабаттарында мамлекеттик казынага суук колдорун салып, өз маселесин көмүскө чечип жатам, эч ким көрбөйт, билбейт дегендерге Алмазбек Атамбаевдин кейиштүү тагдыры чоң сабак болушу керек. Мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген чечимдерди кабыл алып, элдин казынасына кол салгандар сөзсүз жазасын аларын эч ким унутпашы абзел.


Алтынбек Ашымбаев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн