Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы урап түшкөн мектепке барды

21.05.2022 15:26
399
Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы урап түшкөн мектепке барды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А.Чымканаев атындагы мектебине мугалимдер менен окуучулардан кабар алуу үчүн барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, министр билим уясынын биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы билим берүү мекемеси салынары айтылды.


Сапардын жүрүшүндө Айлмазбек Бейшеналиев Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.


Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.


Белгилей кетсек, мектептин кырсык катталган корпусунда окуу процесси токтотулган. Билим берүү мекеменин экинчи, жарактуу корпусунда уланууда.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн