Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алмазбек Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү билим берүү мекемелерин кыдырууда

17.05.2022 12:01
678
Алмазбек Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү билим берүү мекемелерин кыдырууда

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы окуу жайларды кыдырууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.


Бүгүнкү сапары Ысык-Көл мамлекеттик университетинен башталды. Анда министр мекеменин окутуучу курамы, окутуунун жүрүшү, материалдык-техникалык базасы жана илимий лабораториялар менен таанышты.


Кыдыруу учурунда Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайдын ректоруна стартап борборлорду түзүүнү тапшырды.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – аймактагы алдыӊкы жогорку окуу жайы. 1940-жылдан бери студенттерге билим берип келген университеттин курамына 8 факультет кирет. Сабактар 7 окуу корпусунда жүргүзүлүп, аларда 142 окуу аудиториясы, 49 окуу-методикалык кабинет, 14 лекциялык зал, 20 компьютердик жана 6 мультимедиялык класстар бар.

Университеттин илимий китепканасы аймактагы эле эмес, республикабыздагы эӊ бай китепкана болуп эсептелет. Бул жогорку окуу жайдын диплому КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн