Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алмазбек Бейшеналиев ректорлор менен бирге АКШга барып келди

12.05.2022 15:02
674
Алмазбек Бейшеналиев ректорлор менен бирге АКШга барып келди

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эскперттердин делегациясын жетектеп Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы АКШнын жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке киргизүү тажрыйбасы менен таанышты.


Билим берүү тармагынын жетекчилери жана эксперттери стартап долбоорлорго жана Plug and Play Ventures, Стэнфорд университети, Чикаго университети, Сэмюэль Хьюстон университети сыяктуу мекемелерге, Остин коомдук колледжинин (Austin Community College) Accelerator жана Capital Factory бөлүмдөрүнө, DevXSchool жеке менчик мектебине, Чикагодогу Кыргыз коомдук борборуна, Кыргызстандын АКШдагы элчилигине барып, уюмдардын жетекчилери жана илимпоздор менен жолугушту.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн