Теке 01, 2024
Убакыт: 15:02
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Алтынбек Максутов Өзбекстанда эл аралык искусство форумунун ачылышына катышты

29.06.2024 11:43
94
Алтынбек Максутов Өзбекстанда эл аралык искусство форумунун ачылышына катышты


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Өзбекстандын Жизак облусунда II Эл аралык маком искусствосу форумунун ачылышына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен 2018-жылы уюштурулуп, алгач Шахрисабз шаарында өткөрүлгөн.

​Салтанаттуу расмий ачылыш аземинде президент Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөп, маком өнөрүнүн тарыхын жана маанисин белгиледи.

Классикалык музыкалык искусствонун бермети болгон уникалдуу макомдор ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Салтанатка ЮНЕСКО, ICESCO, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасы фондунун, ТүркПА, КМШ сыяктуу уюмдардын жетекчилери, Түркия жана Казакстан президенттеринин кеңешчилери, Тажикстандын президентинин социалдык өнүктүрүү, маданият жана коомчулук менен байланыштар боюнча жардамчысы Абдулло Рахмонзода жана Азербайжандын маданият министри Адил Габил оглу Каримли катышты.

Фестивалга жалпысынан Азиянын, Европанын, Түндүк жана Түштүк Американын, Африканын 80ден ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын коноктор, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театры жана Кыргыз улуттук "Манас" театрынын артисттери катышууда.

Форум 30-июнга чейин уланып, “Мыкты маком ансамбли”, “Мыкты солист-аспапчы” жана “Мыкты солист-вокалист” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондой эле маком өнөрүнүн теориялык жана практикалык негиздери боюнча эл аралык конференция жана тегерек столдор өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн