Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Алтынбек Сулайманов: Президент мага бийик ишенич көрсөттү, аны толук актоого бүт күчүмдү жумшайм

25.02.2022 14:15
694
Алтынбек Сулайманов: Президент мага бийик ишенич көрсөттү, аны толук актоого бүт күчүмдү жумшайм

Мен буга чейин мыйзам чыгаруу бутагында иштеп келдим, эми аткаруу бийлигинде өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 24-февралда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулайманов билдирди.



"Мен ушул күнгө чейин көп жылдар бою мыйзам чыгаруу бутагында эмгектенип келдим. Менин депутаттык ишмердүүлүгүмө шайлоочуларым жана кыргыз элим баа берер. А бүгүн мен өз күчүмдү аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү чечтим. Менин чечимимди президентибиз Садыр Нургожоевич колдоп берди. Мындайча айтканда, мага бийик ишенич көрсөттү. Ошол ишеничти толук актоого бүт күчүмдү жумшайм. Кайсы тармакта, кайсы кызматта болбоюн, менин максатым – дайыма элиме ак кызмат кылуу",- деди Сулайманов.


Эске салсак, Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына "Альянс" партиясынын курамы менен шайланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн